Биз менен байланышыңыз

Москвада Беларусиядагы митингди колдогон тилектештик акциясы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 782 | 0

11-августта Беларусиянын Москвадагы элчилигинин астында эки жүзгө жакын адамдын катышуусунда тилектештик акциясы болуп өттү. Алар Беларусиядагы нааразычылык акциясына чыккандарды жана Светлана Тихановскаяны колдоп, Беларусиянын бийлигин зомбулукту токтотуп, шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууга чакырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары Беларусияда кармалган россиялык журналисттерди, ошондой эле «Ачык Россиянын» координаторлору Артем Важенков менен Игорь Роговду жана политтехнолог Виталий Шкляровду бошотууну талап кылышты.

Беларусиядагы нааразычылык акциялары өлкөдө президенттик шайлоодон кийин башталган. Коопсуздук күчтөрү нааразычылык акциясына чыккандарга күч колдонуп таркаткан. Ошондой эле 5 миңге жакын адам кармалып, бир активист каза болгон. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская президенттик шайлоодо жеңишке жетип, бирок бийликтин кысымы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM