Биз менен байланышыңыз

Беларусия митингге чыккандарга каршы ок атуучу курал колдонгонун ырастады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 961 | 0

Беларус бийлиги шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонулганын ырастады. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги мындай окуя 12-августка караган түнү Брест шаарында болгонун билдирди.

«Брестте демонстранттар тобу арматура менен милиция кызматкерлерине кол салышкан. Аларды токтотуу үчүн эскертүүчү октор атылган. Кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн ок атуучу курал колдонулган. Кол салгандардын бири жараат алды», — дейт министрлик.

Беларусияда шайлоонун жыйынтыгы чыккандан бери нааразычылык акциясы уланып кетет. Коопсуздук күчтөрү нааразычылык акциясына чыккандарга күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ, суу жана гранаталарды ыргытышкан. 3 күндүн ичинде кармалгандардын саны 5 миңден ашты, бир активист каза болду.

Беларусиядагы нааразычылык акциялары өлкөдө президенттик шайлоодон кийин башталган. БШКнын маалыматы боюнча, учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко 80,08% добушка ээ болгон. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская президенттик шайлоодо жеңишке жетип, бирок бийликтин кысымы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM