Connect with us

Камактагы Сапарали Бөрүбаев милиция басым жасады деп прокуратурага даттанды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 2897 | 0

“Ээнбаштык” беренеси менен камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевге тергөөчү тарабынан психологиялык басым болуп жатат. Бул боюнча Бөрүбаев прокуратурага даттанганын анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирди.

Ал бүгүн прокурор менен чогуу Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына кирип, Сапарали Бөрүбаевге жолуккан. Бөрүбаев Баткен областтык милициясынын тергөөчүсү Замир Бекмырзаев тарабынан ар кандай басымдар болуп жатканы тууралуу прокуратурага арыз жазып берген.

Иш боюнча тергөө тобу түзүлгөн экен. Замир Бекмырзаев ошол топту жетектейт экен. Ал өзү жалгыз тергеп жатыптыр. “Эгерде тагылып жаткан кылмышты мойнуңа алсаң, ишти кыскартабыз, албасаң кыйналып каласың” деп психологиялык басым көрсөтүп жатыптыр. Менин көзүмчө ошонун үстүнөн прокурорго арыз жазып берди, — деди жактоочу.

Адвокат ошондой эле, Сапарали Бөрүбаевдин үстүнөн даттанган жергиликтүү кеңештин депутаты Нурдин Дүйшөбаев эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазгынан билдирди.

Мындан сырткары, тергөө тобу Сапарали Бөрүбаевдин ишине 2012-жылы Лейлектин Өзгөрүш айылындагы алтын кенде болгон окуя боюнча “тоноо” беренеси менен козголгон кылмыш ишин да кошуп койгонун адвокат кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM