Биз менен байланышыңыз

Лейлекте айылдык кеңештин төрагасынын камалышы боюнча милиция үн катты

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 2323 | 0

Баткендин Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин камакка алышыны боюнча облустук милиция расмий маалымат таратты. Анда 12-февраль күнү Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну, жергиликтүү кеңешинин депутаты Нурдин Дүйшөбаев төрага Сапарали Бөрүбаев эч бир себепсиз уят сөздөр менен акаарат кылып, уруп, денесине зыян келтиргендиги боюнча арызданганы айтылат.

Милиция Бөрүбаевге “Ээнбаштык” беренеси боюнча айып койгонун кабарлайт.

“Бул факты райондук милициянын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Ээнбаштык” фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми арыз ээсинин алган жараатын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган. Сапарали Бөрүбаев 14-февраль күнү Жазык Кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү менен шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 13-февралда Сапарали Бөрүбаев депутат менен ортодо кайым айтышуу гана болгонун «Маралга» билдирип, «сабады» деген жалган жалаа экенин айткан.

Эскерте кетсек, Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.

Copyright © 2017 Maral FM