Биз менен байланышыңыз

Чек арада абал оор бойдон. Атышуу токтой элек

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 511 | 0

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жараат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдин саны 848ди түздү. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Белгилей кетсек, кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Бүгүн, 29-апрелде эртең мененки саат 4:40тар чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана үйлөрүнө таш атып, аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыздардын унааларына ок чыгарган.

Андан соң саат 14:00дө Тажикстандын Ички иштер министринин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт, автомат менен жапырт аткылоону баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM