Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек арага чектеш аймакта жоголгон эки жаран изделүүдө

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 811 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски Оочу айылынын чек арага чектеш жеринде эки жаран дайынсыз болууда.

Бул тууралуу «Фейсбукта» балдарыдын биринин апасы видео кайрылуу жасап, түнү палаткада калган балдар дайынсыз жоголгондугун билдирген. Анын айтуусунда балдар жаткан жерлер, кийген бут кийимдери канга боёлгон. Ошондой эле уюлдук телефондору ордунда калган.

Аталган факт Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ыкчам тергөө тобу түзүлүп, учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын Баткен облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон эки жаран боюнча атайын багыттамалар түзүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 23-апрелде 2002-жылы туурган Дастан Ашырапов жана 2000-жылы туулган Кубатбек Каныбек уулу курулуш иштерин жүргүзүп, кечки саат 22.00 чамасында курулуш материалдарын коргоо максатында аталган жерге барып түнөшкөн. Бүгүн, 24-апрелде эртең мененки тамактанууга келишкен эмес. Балдарыдын биринин апасы издеп барып, балдарын таппай калган.

Copyright © 2017 Maral FM