Биз менен байланышыңыз

Президент Самаркандек-Мадиген-Даркум жолунун курулушу менен таанышты

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 1132 | 0

Президент Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун жалпы узундугу 44,1 км түзөт, V техникалык категориясындагы шагыл жол куруу пландаштырылууда.

Бул жол Баткен районунун 17 айылындагы тургундарды Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен баруусун камсыз кылат. Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан бул стратегиялык тилкеге жол салуу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшү менен туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болгон ички жолдорду куруунун зарылдыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM