Биз менен байланышыңыз

Баткенде жол кырсыгынан 26 жаштагы айдоочу каза болду

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1334 | 0

Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы кырсыктан 26 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык аталган унаа жолдун 112-чакырымы — Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, оор жүк ташыган «КамАЗ» унаасын сүзгөн.

Жерине барган ӨКМдин беш куткаруучусу кырсыктан көз жумган Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жигиттин сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM