Биз менен байланышыңыз

Сапарали Бөрүбаев: «Төрага депутатты сабады» деген маалымат жалган

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 2875 | 2

Баткендин Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кеңештин депутаты Нурдин Дүйшебаев менен мушташты деген маалымат калп. Бул тууралуу Сапарали Бөрүбаев бүгүн “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн бюджетин талкуулаган сессия бүткөндөн кийин депутат менен кайым айтышуу болгон.

— «Катраңда депутаттар мушташты» деген маалымат кайсыл сайтка чыкканы боюнча кабарым жок. Кечээ айыл өкмөттүн бюджетин талкуулаган сессия бүткөндөн кийин кайым айтышканбыз. Мушташ болгон эмес. Кийин уксам, ал депутат ооруканага барып жатып алыптыр. Мушташты деген сөз бул куру жалаа, — деди Сапарали Бөрүбаев.

Эске сала кетсек, бүгүн айрым маалымат каражаттары Баткен облустук милициясына таянып, Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кеңештин депутаты Нурдин Дүйшебаев менен мушташканын жазды. Анда депутат төрага сабаганын билдирип, милицияга арыз жазганы айтылат.

Милиция бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалганын билдирет.

Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.

2 пикир

2 пикир

  1. Pingback: Төрага Бөрүбаев камалды — ОшТВ — Телерадиокомпаниясы

  2. Жамила

    21.02.2020 21:29

    Сапарали Борубаев менен мушташ болгон болсо күбөлөр кайда.кана эмне үчүн туура эмес маалымат бересиңер Ош тв журналисттери да жооп берсин анда.куболор кана.заключение берген врачтар кана.эмне деген куру тоомат бул..эгер карапайым бирөө кайрылса ошол милиция кызматкерлери 6айга чейин кайрылыңыз андан кийин каралбайт дечү эле го.чындык кайда…кудай барго. Баарына күбө….кайтар дуйно бул жашоо. Унутпайлы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM