Биз менен байланышыңыз

Максат айылында күйгөн үйлөр сүрдүрүлүп, тазалоо иштери башталды

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 631 | 0

Бүгүн, 8-майда Лейлек районунун Максат айылында тажик тараптын басып алуусунан толугу менен өрттөлгөн 83 үйдү бузуп, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Максат айылыны башчысы Кубатбек Нишанов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуш иштери баштала элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күйгөн үйлөрдү сүрдүрүп, таштандыларды тазалоодо.

«Азыр үйү күйгөндөр чатырда жашаганы жашап, жашабаганы туугандарынын үйлөрүнө барып жашап жатышат. Айылда электр жарыгы келген» , — деди Нишанов.

30-апрелде тажик тарап куралдуу кол салуу менен Максат айылына басып кирип, бир канча үйдү тоноп, андан кийин гана өрт коюшкан. Айрым үйлөр чала күйүк калып кетсе, айрымдары толугу менен өрттөлгөн. Жыйынтыгында Максат айылында 83 үй өрткө чалдыккан. Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин берген маалыматы боюнча үйлөргө кошулуп 12 унаа да күйгөн.

Мындан сырткары Максат айылында бир мектеп, бир бала бакча, бир ФАП, бир милициянын участкалык пункту, 2 дүкөн жана бир сарай өрттөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM