Биз менен байланышыңыз

Баткен эли үчүн 119 млн сомдон ашык жардам чогулган. Кайда жумшалды?

Кыска кабар , Саясат | 19 Окт 2021 | 1247 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткендеги чек ара окуясында жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине элден келип түшкөн акча жана анын иштетилүүсү жөнүндө маалымат берди.

Баткен облусундагы 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуядан кийин жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө жалпысынан 140 үй салынып, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу да аяктоо алдында турат. Анын тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары Президенттин демилгеси жана жеке ишкерлердин колдоосу менен шейит кеткен 36 жаранжын жакындарына 36 үй курулган.

Чек ара окуясынан кийин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө атайын эсеп ачылып, жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүгө жалпы кыргыз элинен, жеке ишкерлерден, мигранттардан 119 млн 695 миң 848 сом топтолгон. Бул акча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 10-17-беренелерине ылайык ушул жылдын 8-июнунда №87 тиркеменин негизинде атайын убактылуу жобо иштелип чыккан.

Чек ара чырында жаракат алган 16 жарандын дарылануусуна каражат суралып, ал кайрылууга облустук өкүлчүлүк министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген атайын комиссия макулдук берген соң, керектүү делген акча бөлүнүп берилген.

Жалпысынан атайын эсепке 119 млн 695 миң 848 сом түштү. Бүгүнкү күндө анын 72 млн 683 миң 164 сомуна Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тендер жарыяланып, атайын комиссиянын макулдугунун негизинде 52 млн 98 миң 815 сомдук жумуш аткарылып, 20 млн 584 миң 349 сомдук жумуш аткарылуу алдында турат. Ал эми ден соолугунан жабыр тарткан 16 жарандын дарылануусу жана чек арадагы айылдардын тургундарынын 50 баласын эс алдыруусуна 1 млн 799 миң 750 сом жумшалды. Калган 65 млн 847 миң 283 сом чек арадагы айылдардагы элдин, айыл өкмөттөрдүн, район акимдеринин берген сунуштарынын негизинде Министрлер кабинетинин төрагасы баш болгон атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат.

Атайын эсепке топтолгон акчанын жумшалганы боюнча маалымат:

Лейлек району боюнча:

1) Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн жылуулук ситемасын орнотууга 33 млн 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 млн 906 миң 600 сом которулган.

2) Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 млн 492 миң 551 сом которулган.

3) Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 млн 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган.

4) Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 млн 181 миңго келишим түзүлүп, 6 млн 590 миң 600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

1) Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 млн 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 млн 849 миң 800 сом которулган.

2) Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Суулууданги Ак-Сай» таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 млн 273 миң 122 сомго келишим түзүлүп, акча толук которулган.

Чек ара окуясында каза болгон 36 жарандын жакындарын колдоо максатында салынган 36 үйгө кошумча жумшалган акча каражаты:

1) чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн Баткен шаарына салынган 36 үйдүн канализациясына 8 млн 681 миң 188 сомго келишим түзүлүп, толугу менен которулган.

2) Ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3 млн 406 миң 96 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган.

Чек ара чырында жаракат алган 16 жаранга дарылануусу үчүн 1 млн 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген.Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна 229 миң 750 сом каралган.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65 млн 847 миң 283 сом калган. Түзүлгөн келишимдин негизинде айтылган сумманын 20 млн 584 миң 349 сомуна бааланган иштер аткарылууда. Акчасы иш аяктаары менен которулуп берилет.

Учурда 45 млн 262 миң 934сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат.

Copyright © 2017 Maral FM