Биз менен байланышыңыз

Депутат: Арка, Жаштык, Максат айылдарында бир да акушер-врач жок

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 767 | 0

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев жакында эле Баткен облусундагы жигердүү айымдар менен жолугушуп, алар бир нече көйгөйлөрдү көтөргөнүн айтып, Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер-врач жок экенин билдирди.

Анын айтымында, үч айылга бир медайым кызмат кылат.

«Анда көп көйгөй айтылды. Маселен Арка, Жаштык, Максат айылдарында дарыгерлер жетишсиз экен. Натыйжада калк 80 км алыстыктагы райондук ооруканага барууга мажбур. Ушул маселени чечүүгө бир мыйзамдын кереги жок да. Саламаттыкты сактоо министри өзү деле барып жатат, өзү деле бир врач жөнөтүп, маселени чечип койсо болбойбу? Тиешелүү министрликтин кайдыгерлигинен улам элдин суранычы аткарылбай турат», — деди Нурбаев.

Ошондой эле ал тажик тараптын кол салуусунан кийин документтери жок калган жарандарга документ берүү жана курулуш иштери жай жүрүп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM