Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин эки депутаты үй карантинине алынды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 831 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинине алынды. Бул тууралуу Аида Касымалиева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, алар 8-мартта Берлинге Германия парламентинин (Бундестаг) жетекчилери менен жолугушуу үчүн учуп кетишкен. Бирок, коронавируска байланыштуу акыркы окуялардан улам көпчүлүк жолугушуулар токтотулуп, шашылыш учак билетин алып, 13-март түнү Германиядагы иш сапарынан кайтып келишкен.

Касымалиеванын айтымында, «Манас» аэропортунда алардан коронавируска анализ алынган. Жыйынтыгы бүгүн түштөн кийин чыгат. Ошондой эле экинчи анализ карантиндин 10-12- күндөрү да алынмакчы.

 Үйдөн иштейм. Ден соолугумдун абалы жакшы. Жөтөл, температура жок. Үй карантининин эрежелерин сактайм, — деп жазган Касымалиева.

Германия I категориядагы өлкөлөрдүн ичине кирет. Бул өлкөдөн келген кыргызстандыктар (транзит менен келсе да) атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM