Биз менен байланышыңыз

Активист Тилекмат Кудайберген уулу үй камагына чыкты (видео)

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 689 | 0

Бүгүн, 26-апрелде «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» уюштурууга шектелип кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)  үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын тарапташтары жарыялашты.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 17-марттагы чечимине ылайык, Куренов бир айга камакка алынган.

Белгилей кетсек, активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта кармалган. Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат. Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Азыркы тапта анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда. Тилекмат Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, ал 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына да катышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM