Биз менен байланышыңыз

Эртең активист Тилекмат Куреновдун соту болот

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1478 | 0

Эртең, 6-апрелде Социалдык тармакта бийликти сындап пост жазган активист Тилекмат Куреновдун (Тилекмат Кудайберген уулу) соту болот. Бул тууралуу анын тарапташтары жарыялашты.

Свердлов райондук сотунун 17-марттагы чечимине ылайык, Куренов бир айга камакка алынган болчу.

Тарапташтарынын маалыматы боюнча, СИЗО-1 мекемесинде отурган Тилекмат Куренов жана аны менен бир камерада отурган жалпы 15-16 адам жыт, даам сезбей, дене табы көтөрүлүп жатат. Аталган белгилерден улам коронавирус болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта кармалган. Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат. Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Азыркы тапта анын баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралууда. Тилекмат Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, ал 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына да катышкан болчу.

Активисттин соцтармактагы пикири бийликти чочулатты

Copyright © 2017 Maral FM