Биз менен байланышыңыз

Блогер Сыдыман үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 1212 | 0

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Элмир бул окуяга өкүнүп жатканын айтып, кечирим сурады.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча 17-февралда камакка алынган болчу.

Блогердин камалышына буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жаратканы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM