Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот Равшан Жээнбековду камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 675 | 0

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын тарапташтары Фейсбукка жазып чыгышты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин абакта болот.

Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасын карап, 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM