Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 708 | 0

Бүгүн, 8-майда «Туран» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда саат 13:00дө каралат. Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчоро уулу Фейсбук баракчасына жазды.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 

Ал эки иш боюнча сурак берип жатат: биринчиси, 5-6-октябрдагы окуяларга күбө катары, ал эми экинчиси, 9- октябрда ачылган кылмыш иши боюнча.

Copyright © 2017 Maral FM