Биз менен байланышыңыз

Блогер Сыдыман 48 саатка камалды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 1103 | 0

Блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кармалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Блогер буга чейин «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM