Биз менен байланышыңыз

Активист Тилекмат Куренов 1 жыл 6 айга камалды

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 446 | 0

Активист Тилекмат Куренов 1 жыл 6 айга камалды. Мындай чечимди бүгүн, 20-августта Свердлов райондук соту чыгарды. Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчоро уулу Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында Тилекмат Куреновду камоо аракети мындан эки мурун эле билинген.

«Камайбыз деп ачык эле айтылган. Бирок мындай чечим болбойт болуш керек деп үмүт кылдык эле. Тарыхтан сабак албаган бийлик кетменди кайра басты» , — деп жазган Бекчоро уулу.

Эске салсак, 26-апрелде «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» уюштурууга шектелип 15-мартта кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)  үй камагына чыккан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM