Биз менен байланышыңыз

Активисттин соцтармактагы пикири бийликти чочулатты

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 2115 | 0

Бишкек шаардык милициясы «Фейсбуктагы» жарыялаган билдирүүлөрү үчүн «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган» деген шек менен Тилекмат Кудайбергеновго кылмыш ишин козгоп, 48 саатка камакка алды. Андан соң ал жашаган үйдү жана «Ханституцияга каршы» борбордун кеңсесин тинтүүгө алышкан. Ал арада «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучулары «Тилекматка боштондук» деген хештек менен акция баштады. Тилекмат Кудайбергеновдун камалышын айрымдары сөз эркиндигине кысым катары бааласа, айрымдары баары мыйзам алдында бирдей жооп бериши керектигин айтууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Активист Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Ал 2020-жылдын декабрь айында Нарындагы «Жетим-Тоо»кенин коргоо кыймылын түзүп, чет элдик ишкерлерге бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылып, тарапташтары менн бирге бир нече жолу нааразычылык акциясына чыккан. Акыркы жолу 9-мартта Бишкекте «Ханституцияга каршы» борборун уюштурган. Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган жана жаңы конституциялык долбоорго каршы митингди алып барып, Башмыйзамдын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алган. Анын кечээ, 15-мартта түштө кармалгандыгын «Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы, саясатчы Жеңиш Молдокматов кечинде «Фейсбук» баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда маалымдап, төмөнкүлөргө токтолду:

— «Тилекмат «Фейсбукка» пост койгон, ал постуна «чакырык жасаган» деген кине коюшуп, кылмыш ишин козгошту. Бүгүнкү күндө убактылуу кармоочу жайга киргизүү боюнча чечим кабыл алышты, эми 48 саатка камалат. 48 сааттын ичинде соттун чечими чыгышы керек. Мен кайрылам, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Талант Мамытов, сиздерге да убагында Ак үйдүн тосмосунан секирип, бийликти алуу боюнча күнөө коюлган. Акырында бардыгы таза деп тазаландыңар. Бүгүн бийликтин туура эмес кадамдарын, мыйзамсыз иштерин сындаган жаштарды камап коркутуп жатасыңар. Бул туура эмес. Бардык кайдыгер эмес жарандарга, саясатчыларга, партиянын лидерлерине кайрылам, үн каткыла! Бүгүн Тилек болсо, эртең силер болушуңар мүмкүн». 

Ошондой эле Жеңиш Молдокматов алардын кеңсесине милиция кызматкерлери келгенин «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу түз көрсөткөн.

Тилекмат Куреновду ушул постту үчүн камакка алышкан

Активистин кармалуусуна анын «Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле?!», «Акырын айттык укпадыңар, катуу айттык укпадыңар, эми ишке өтөлү. Кайдан чыксаң, ошол жакка отурасың эми. Импичмент» деген посттору себеп болгон.

Юрист, укук коргоочу Эржан Кайыпов Кудайбергеновдун кармалышын активистке карата куугунтук деп баалайт жана «Фейсбукта» жазган «бир нече посту бийликти басып алууга чакырык кылган» деген дооматты негизсиз деп эсептейт.

«Анын «Фейсбуктагы» постторун мен да карап чыктым. Ал жерде конкреттүү бир бийлик же кызмат адамы көрсөтүлгөн эмес, айтылган эмес. Ал жерде мисалы, «келгиле, барып басып алалы, сабайлы, кубалап чыгалы» деген чакырыктар жок. Ошондуктан бул чакырык кылды дегенге жатпайт. Анан ошол жерде бир нече постунда «импичмент» деп жазылып жатат. Импичмент — бул: кадимки эле мыйзамда көрсөтүлгөн процедура, мыйзамдуу. Импичмент деген сөздү жазгандан мыйзам бузулуп калбайт. Ошондуктан экспертизадан өткөнбү, өтпөгөнбү, өтсө эмне деген экспертиза, кандай баа беришкен, ошол жагы кызык болуп жатат».

Ар ким өзүнүн пикирин, бийликке болгон дооматын же башка көз караштарын социалдык тармак аркылуу айтабы, ал жеке тандоосу, бирок, конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттин коопсуздугуна каршы келген ойлор айтылса, анда мыйзам алдында баары жооп бериши керек деген пикирин экс-депутат Каныбек Осмоналиев айтат.

«Куренов мырзага бийликке каршы чакырык ташталды деген доомат коюлуп жатат деп жатышпайбы? Эми муну тергөөчү текшерсин да. Эгерде чынында эле ошондой болсо, анда тергөөчүнүн мыйзамга карата чараларына баарыбыз баш ийишибиз керек. Бирок жөн жерден саясий көз карашына карама-каршы келген аракеттер менен куугунтук кылса, анда бул туура эмес». 

Ал эми экс-депутат Эсенгул Исаков: «Активист өзүнүн оюн айтам деп чыгып, топ саясатчылардын кызыкчылыгына түшүп калдыбы?» деген ойдо.

«Ошондуктан ушундай жигиттер таза болсо, чыныгы элдик болсо, сасык саясатка аралашып кетпей, өзүнүн ойлорун бийликке барып айтып, жолугушууларды уюштурса, алардан да жооп алат да. Азыркы күндө биздин кен байлыктарды иштетип жаткан компаниялардын экологияны бузуп жатканына — биздин эл нааразы. Коомчулукту эске албайт. Мен бийликке болушпайм, мен да дайыма сындайм. Бирок азыр Конституция иштебей туруп ушинтип жатса, анда мен ойлойм, булар коомчулукту бөлүп-жарып, өздөрүнүн максатына жете албай жатат. А эмне себептен митингге чыгып, ошону уюштуруп башында жүргөн саясатчылар Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштагандан бери өздөрүнүн сунушун айтып келишкен жок. Анан азыр элди ээрчитип чыгып алып, «хан конституция» дегенине таң калам». 

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы активист Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип жаткандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт Жазык кодексинин 310-264-беренелери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM