Биз менен байланышыңыз

Асель Кодуранова үй камагында 9-апрелге чейин отурат

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 592 | 0

Бүгүн, 3-февралда, Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн 9-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Тергөө кызматы Асель Кодуранованы 9-апрелге чейин үй камагында кармоону суранды.

Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде кылмышка шектелип суракка алынган.

Биринчи Май райондук сотунун 2019-жылдын 28-декабрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырылган.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери расмий түрдө аяктап, учурда шектүүлөр материалдар менен таанышуу процессинде.

Copyright © 2017 Maral FM