Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук отурум өтүүдө

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 562 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши каралууда. Сот отурумуна Марат Сыдыков төрагалык кылып жатат.

Бүгүнкү сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айыптоо актысын угузуу улантылууда. Азыркы тапта айыптоо актысы айыпталуучу Карыпбек уулуна карата жарыяланууда. Буга чейин айыптоо актылары М.Мискенбаев, Ф.Баабиев жана К.Осмоналиевдерге карата айтылган.

Отурум өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM