Биз менен байланышыңыз

Сот Равшан Жээнбековго 50 миң сом айып пул салды

Кыска кабар | 4 Сен 2021 | 1280 | 0

3-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өктөм Мамаеванын саясатчы Равшан Жээнбековго каршы ар-намысты коргоо жана моралдык зыян боюнча доо арызына байланыштуу чечимин жарыялады.

Сот доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, Жээнбековдун айткандарын «чындыкка дал келбейт» деп таанып, ага 50 миң сом айып пул салды.

Ушул жылдын 18-январында Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отурумунда Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөн Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева күбө катары катышып жаткан Равшан Жээнбеков менен айтыша кеткен. Кийин аны уулун «киши өлтүргүч» деп айтканы үчүн сотко берген.

Равшан Жээнбеков Үсөн Ниязбеков тууралуу айтканы чындык экенин, мындай кадамга Мамаеванын ачуу сөздөрү себеп болгонун билдирген.

Мындан сырткары Мамаева Kaktus Media басылмасына карата доосунан баш тарткан.

Доо айрым интернет басылмаларга карата да коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM