Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум кайрадан жылдырылды

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 574 | 0

Бүгүн, 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишин кароо уланууда.

Бул иш боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 адам айыпталууда. Бирок белгисиз бир себептерден улам Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы бүгүн айыпталуучуларды сотко алып келген жок. Мындан улам соттук отурум  26-август саат 10:00гө жылдырылды.

Кароо жабырлануучулардан сурак алуу процедурасына жеткендиктен айыпталуучулар отурумга сөзсүз түрдө катышуусу абзел.

Эске сала кетсек, отурумда сот иш материалдарын изилдөөнүн тартибин аныктаган. Биринчиден жабырлануучу, күбөлөрдөн, айыпталуучулардан сурак алуу башталат. Андан кийин иштин материалдарын изилдөө жана тараптардын жарыш сөзүнө өтүшөт.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM