Connect with us

Кой-Таш окуялары боюнча сот кайрадан жылдырылды

Кыска кабар | 11 Май 2020 | 657 | 0

Кой-Таш окуялары боюнча бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум 2020-жылдын 18-майына жылдырылды. Ага соттолуучулардын биринин жактоочусу алмашкандыгы себеп болгон.

Айыпталуучу Карыпбек уулунун жаңы жактоочусу Б.Сатыбалдиев иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт сураган.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Бул иш боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши: Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. айыпталууда. Аларга «Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандыктар», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу», «Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу» беренелери менен айып коюлууда. Ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жатат.  Тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн 5 адамдын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

 

Copyright © 2017 Maral FM