Биз менен байланышыңыз

Ошто жер титирөө катталды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 902 | 0

Кечээ, 19-апрелде саат 21:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибе айылында – 3 балл, Карамык, Күлчү, Жар-Башы, Чак айылдарында – 2,5 балл жана Даарот-Коргон айылында – 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM