Биз менен байланышыңыз

Ош менен Баткенде катуу жер титирөө катталды

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 1129 | 0

Бүгүн 12-февраль күнү түнкү саат 23:00 чамасында Тажикстанда күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун аймагында 4,5 баллга чейин, Баткен облусунда 4 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Күбөлөрдүн айтымында, жер титирөө узак мөөнөттүү жана күчтүү болгон.

Европа-Жер ортолук деңизинин сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматы боюнча, жер титирөөнүн булагы Тажикстандын 80 км тереңдигинде жайгашкан.

Кечээ, 12-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 23: 01де, жер титирөө Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагында болгон. Жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткен. Акыркы сутка ичинде Тажикстанда дагы төрт жер титирөө катталды.

Махбуба Сайпилаева

Copyright © 2017 Maral FM