Биз менен байланышыңыз

Түркияда учак кырсыгынан эки кыргызстандык жабыркады

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 1187 | 0

Кечээ, 5-февалда Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Измир-Стамбул каттамын аткарган «Боинг» учагы конуу маалында кырсыкка учурап, экиге бөлүнүп кеткен. Жыйынтыгында, 130дан ашык жаран жабыркаган. Жалпысынан бортто 177 жүргүнчү жана экипаждын 6 кызматкери болгон.

— Учак 30 метрлик бийиктиктен конуу тилкесине кулап түшкөн, — деп билдирген Стамбулдун губернатору Али Йерликай жергиликтүү телеканалдын эфиринде.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыкка катуу шамал себеп болгон.

Жабыркагандардын арасында К.Н. жана И.А. аттуу эки Кыргызстандын жарандары бар. Аларга учурда Стамбулдагы ооруканалардын биринде керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы туруктуу.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жабыркаган жарандардан кабар алышты жана алар мындан кийин да алардын көзөмөлүндө болмокчу. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM