Биз менен байланышыңыз

Зеленский Ирандын учак окуясы үчүн сунуштаган компенсациясынан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 2249 | 0

Тегеран Ирандын соккусунан улам кырсыкка кабылган украиналык учакта каза болгондордун үй-бүлөсүнө адам куну катары 80 миң доллардан төлөп берүүнү сунуштады. Бирок Украина президенти Владимир Зеленский бул сумманын жетишсиздигин айтып, баш тартты. Бул тууралуу Зеленский өзү маалымдаган.

Анын айтымында, үй-бүлөсүн багып келген бир эле жолдошу экенин, өзүнүн жумушу жоктугун, балдарын институтка окууга  жиберүүсү керектигин айтып, үйдө балдары менен отурган маркумдардын аялдары үчүн бул өтө аз каражат болуп саналат.

Зеленский Иранды мындан көбүрөөк компенсация төлөп берүүгө милдеттендирүүгө убада кылды. Ошондой эле, окуяга байланыштуу Украина Иранды эл аралык сотко берерин кошумчалады.


Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]


«Боинг-737» украиналык учагы 8-январда Тегеранда аэропорттон учары менен эле кырсыкка кабылган. Учак байкоосуздан душмандык объект катары саналып, ирандык аскерлер тарабынан атылып түшүрүлгөн. Кесепетинде учакта болгон 176 адамдын баары каза болду. Алардын арасында ирандыктардан сырткары 63 канадалык, 11 украин жарандары да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM