Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов менен Роман Власов күч сынашат

Кыска кабар , Спорт | 8 Дек 2021 | 865 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власовдун чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу орусиялык спортчу Instagram баракчасына жазды.

Роман Власов Instagram баракчасынын Stories бөлүмүнө кыргызстандык балбан менен болгон видеобайланыштын скриншотун жарыялады.

«Жок деп айтпай турганыңды билгем. Килемдин арстаны дайыма чакырыкты кабыл алат. Биз муну жакында жасайбыз. Мен килемде өлөм, бирок утулбайм», — деп жазган Роман Власов.

Copyright © 2017 Maral FM