Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов Олимпиада чемпиону Роман Власов менен машыкты [видео]

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2019 | 751 | 0

UFC уюмунун атактуу мушкери Хабиб Нурмагомедов грек-рим күрөшү боюнча балбан, эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов менен биргеликте машыкты. Бул тууралуу мушкер Нурмагомедов Instagram баракчасына жазган.

«Роман, машыгууга жана күрөш боюнча пайдалуу кеңештериңе рахмат, сен мыктысың!» — дейт Нурмагомедов өздүк баракчасында.

Бул билдирүүгө Роман Власов: «Хаба, сен чыныгы эр-азамат жана чыныгы чемпионсуң!» — деген комментарийин калтырган.

Буга чейин Власовдун мушкер Нурмагомедовго келерки беттешке даярдануу үчүн өз жардамын сунуштаганы айтылган.

UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедовдун атаандашы америкалык Дастин Пуарье болорун тастыктаган. Беттеш ушул жылдын сентябрь айына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM