Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко күйөрмандарын Матраимовдор уюштурган мелдешке чакырды (видео)

Кыска кабар , Спорт | 12 Сен 2019 | 1231 | 0

UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко Ош шаарындагы мушташ спортунун сүйүүчүлөрүн Матраимовдор уюштурган мелдешке чакырды. Чемпиондун бул кайрылуусу «Ош СПОРТ Комитет» уюмунун YouТube каналына чыгарылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында өтүүчү мушкерлер мелдешин Руслан Матраимов жетекчилик кылган «EREM» спорттук клубу уюштурган. Руслан Кыргызстанга «Раим миллион» деген ат менен кеңири таанымал Райымбек Матраимовдун бир тууганы болот.

Маалыматка ылайык, мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өтөт. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Беларусия, Украина жана Словакия өлкөлөрүнөн келген мушкерлердин 20 беттеши каралган.

Мелдештин эки беттеши титулдук болот. Анда чемпиондук кур мөөрөйгө коюлары айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM