Биз менен байланышыңыз

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Спорт | 21 Ноя 2021 | 663 | 0

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 21-ноябрда, Кыргызстанга келди. Ал эртең мененки саат 6:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Мушкер Кыргызстанда үч-төрт жума жүрөрүн билдирди.

Шевченко эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө «Аю Гранд» соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Ошондой эле аны президент Садыр Жапаров кабыл алары күтүлүүдө.

Президент Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Copyright © 2017 Maral FM