Биз менен байланышыңыз

Шевченконун кийинки беттеши апрелде өтөт

Кыска кабар , Спорт | 6 Мар 2021 | 855 | 0

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун кийинки беттеши 24-апрелде өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, UFC-261 мелдешинин алкагында өтө турган бул таймашта Шевченко бразилиялык Жессика Андрад менен октагонго чыгып, чемпиондук наамын коргойт.

32 жаштагы Валентина Шевченконун эсебинде 20 жеңиш жана 3 жеңилүү бар. Ал акыркы беттешин 2020-жылы ноябрда UFC-255те өткөрүп, анда Женнифер Майаны жеңип алган.

Ал эми 29 жаштагы Жессика Андрад 21 беттешинде жеңишке жетип, сегизинде жеңилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM