Биз менен байланышыңыз

ДСУ менен Шевченкодон карантиндегилер үчүн кеңеш

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 1211 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) карантинде отургандар үчүн пайдалуу сунуштарды айтып, билдирүү таратты:

-Эксперттер көбүрөөк кыймыл кылууну сунуштоодо. Үйдө бөлмөнүн ичинде ары-бери бассаңыз да активдүү кыймылга кошулат;

-Эгерде сырка чыгуу муктаждыгы болсо, сөзсүз адамдар менен аралыкты сактоого аракет кылыңыз. Бери дегенде 1 метр аралык сактасаңыз өзүңүздүн эле коопсуздугуңуз үчүн жасаган аракетиңиз болмокчу;

-Бир орунда көпкө отуруу ден-соолук үчүн зыян, жакшысы жарым саат сайын ордуңуздан козголуп, кыймылдап туруңуз;

-«Пайдалуу карантиндин» дагы бир эрежеси: медитация. Денени бош коюп, өзүн эркин сезүү стресстен арылууга жардам берет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ошондой эле, туура тамактанып, кө суу ичүүнү сунуштайт. Айрыкча эксперттер, изоляция учурунда алкоголдук ичимдиктерден алыс болууга чакырат.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

28-мартка карата Кыргызстанда 58 жаран коронавирус менен катталды. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

Кошумчалай кетсек,  UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мушкерлер арасындагы «үйдө UFC менен» (#HomewithUFC) акциясына катышып, үй шартында кантип машыгуу керектигин көрсөтүп берди. UFC уюмунун Twitter баракчасына жүктөлгөн бул видео спортсмендерге гана эмес, жөнөкөй жарандарга да ылайыкталган.

Үйдө отуруп иштей баштагандар үчүн 12 кеңеш

Copyright © 2017 Maral FM