Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 2570 | 0

Бүгүн, 26-сентябрда (Бишкек убактысы боюнча) Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC 266 мелдешинде Кыргызстандык UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мёрфини утуп, кезектеги жеңишин камсыздады.

Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген жок. Төртүнчү раундда катуу чабуулга өтүп, Мёрфини жерге жыгып катар-катар сокку ургандан кийин калыс беттешти токтотту.

Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрь айында польшалык Йоанна Енджейчикти жеңип, UFC чемпиону болгон. Ал ошентип чемпиондук курун алтынчы ирет коргоп калды.

Copyright © 2017 Maral FM