Connect with us

Валентина Шевченко беттештерден убактылуу четтетилди

Кыска кабар , Спорт | 13 Фев 2020 | 598 | 0

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен беттештерден 7- августка чейин четтетилди.

Ал 9-февралда америкалык мушкер Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп, UFC уюмунун 247 турниринде 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган.

Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялоо жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештерден четтетти.

Эми Валентина Шевченко 6 ай турнирге катыша албайт. Анын атаандашы Кэтлин Чукагян 46 күнгө убактылуу беттештерге катыша албайт.

Эске салсак, 2019-жылдын 9-декабрында Канадада өткөн турнирде Шевченко атаандашы Жоанна Енжейчикти жеңип, биринчи жолу өзүнүн карьералык жолунда UFC чемпиону болгон болчу. Андан кийин 9-июнда америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук курун коргоп калган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM