Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченконун кийинки беттеши ноябрда болот

Кыска кабар , Спорт | 8 Авг 2020 | 755 | 0

Валентина Шевченконун UFC уюмунун алкагындагы кийинки беттешинин убактысы белгилүү болду. Уюмдун президенти Дэйна Уайт жарыялаган маалымат боюнча, UFC 255 турнири 2 титулдук беттешти камтыйт.

Анын айтымында, жеңил салмактагы Дейвесон Фигередо менен Коди Гарбрандт, ошондой эле Валентина Шевченко менен Женнифер Майи беттешет. UFC 255 турнири 21-ноябрга пландалып жатат.

Буга чейин кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен беттештерден 7- августка чейин четтетилген болчу.

Эске салсак, 2019-жылдын 9-декабрында Канадада өткөн турнирде Шевченко атаандашы Жоанна Енжейчикти жеңип, биринчи жолу өзүнүн карьералык жолунда UFC чемпиону болгон болчу. Андан кийин 9-июнда америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук курун коргоп калган.

Copyright © 2017 Maral FM