Биз менен байланышыңыз

Президент Валентина Шевченкого бир млн сомдук сертификат белек кылды

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 791 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстанга келген UFC чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз«, — деди президент.

Валентина Шевченко Мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, себеби бүтүндөй өлкө анын ийгиликке жетишин каалап, анын спорттук жетишкендиктерин колдой турганын белгиледи. Ал спортчу Валентина Шевченкого мындан ары да ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Валентина Шевченко президентке кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC-266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

Copyright © 2017 Maral FM