Биз менен байланышыңыз

UFC: Коронавирустан улам токтотулган беттештер

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 592 | 0

Коронавирус эпидемиясы тарап жатканына байланыштуу UFC уюму жакынкы убакта боло турган 3 турнирди белгисиз убакытка токтотту.

Убактылуу токтотулган турнирлер:

  • 21-март, Лондон
  • 28-март, Колумбус
  • 11-аперель, Портленд

UFC уюмунун президенти Дана Уайт кызматкерлерине кат жиберип, уюмдун бардык кеңселерин 31-мартка чейин жаап, үйдөн иштөөнү сунуштаган. UFC уюмунун институту дагы 31-мартка чейин жабык болот.

Дана Уайт жиберген билдирүүдө: «UFC 249 турнирин өткөрүү пландалган боюнча күчүндө калат. Бирок боло турган жер гана алмашышы мүмкүн», — деп айтылат.

Ошондой эле жакынкы жумаларда же айларда аталган уюмдун кызматкерлерине же үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам керек болсо, жардам берүүнү сунуштады.

UFC 249 турниринде UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Тони Фергюсон беттешет. Беттеш 2020-жылдын 18-апрелинде Нью-Йоркто өтөрү айтылган болчу. Буга чейин UFC уюму аталган 2 мушкердин беттешин төрт жолу уюштурууга аракет кылганы менен ишке ашкан эмес.

«Эгер Хабиб — Фергюсонду, Конор – Серронени жеңсе, Конор менен Хабибдин реваншы тууралуу карап чыгабыз»,- деп белгилеген Уайт.

Copyright © 2017 Maral FM