Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын расмий жыйынтыктады

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 19 Мар 2021 | 687 | 0

UFC жеңил салмактагы атактуу чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын расмий түрдө жыйынтыктады. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дэйн Уайт өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

«Ал спорттук карьерасын расмий түрдө, 100 %га жыйынтыктады. Сенин иштегениңди көрүү өзгөчө болчу. Бардыгы үчүн ырахмат, досум! Мындан кийинки жашооңдон да ырахат ал!» — деди Дейн Уайт.

Нурмагомедов UFC чемпиондук курун 2018-жылы америкалык Эла Яквинтти жеңгенден кийин алган.

Хабиб 2020-жылы октябрда америкалык Жастин Гетжини уткандан кийин, спорттук карьерасын токтоторун жарыялаган.

32 жаштагы Дагестандын атуулу Хабиб Нурмагомедов дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин башкы сабында турат. Ал буга чейин 29 беттеш өткөрүп, биринде да жеңилген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM