Connect with us

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго Самарканддын палоосу жакты

Кыска кабар , Спорт | 26 Май 2019 | 824 | 0

UFC мушкери, орусиялык дүйнө чемпиону Хабиб Нурмагомедов Өзбекстандын Ташкент шаарына келди.

Ал өзүнүн Instagram баракчасына өзбекстандык жарандар менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

«Рахмат силерге бир туугандар, меймандостугуңар үчүн. Негизи Ташкент бир аз суугураак экен, бирок ифтардагы Самарканддын палоосу кишини жылытат экен», — деген билдирүү калтырган.

Хабиб Нурмагомедов UFCден чемпондук наамын коргогондон кийин Бишкек шаарына да келип кеткен.

2018-жылы 6-октябрда Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титулун коргоп калган. Нурмагомедов уткандан кийин октагондон секирип чыр чалган. Мындан улам, Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы орусиялык спортчуну тогуз айга мелдештен четтетип, 500 миң доллар айыпка жыккан.

Copyright © 2017 Maral FM