Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаачылары Ташкенттеги мелдешке катышат

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 548 | 0

Жаа атуу боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 22-27-февраль күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган «Alpomish va Barchinoy» эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мелдеште Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

  1. Асел Шарбекова, эл аралык даражадагы спорт чебери (ЭДСЧ);
  2. Улукбек Курсаналиев, спорт чебери;
  3. Айтурган Маматкулова, спорт чебери;
  4. Жибек Канатбек кызы, спорт чебери;
  5. Азим Осмоналиев, спорт чебери;
  6. Диана Канатбек кызы, спорт чебери;
  7. Кылычбек Нурманбетов, башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш сапарга жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM