Биз менен байланышыңыз

Ташкенттеги жолугушуу: Казакстандан Токаевдин ордуна Назарбаев келди

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 865 | 0

Ташкентте Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу башталды. Жыйынга катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентке бүгүн барды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ордуна Элбашы Нурсултан Назарбаев келди.

Экинчи консультативдик жолугушуу салтка айланып калгандай, делегат башчылардын чогуу сүрөткө түшүүсү менен башталды.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Copyright © 2017 Maral FM