Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстан аймактардагы өлкөлөрдөн инвестицияларды тартууга кызыкдар

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 562 | 0

Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет. Биз системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Ийгиликтүү аймактык кызматташуу биздин көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө жана биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Достуктун жана ынак кошуналык мамилелердин негизинде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бизде бардык зарыл өбөлгөлөр бар деп ишенем, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал өлкөлөр арасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн бойдон калып жатканына токтолуп, кээ бир азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынып, чек арада жүктөрдүн документтерин даярдоодо бюрократия орун алып жатканын билдирди:

Биздин өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерге чектөөлөр жана пошлиналар терс таасирин тийгизип жатат. Адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюшубуз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар өз ара пайдалуу соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек. Баарынан мурда — эркин соода режимдин толук иштешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү керек, — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков белгилегендей, бул бир жагынан — төмөнүрөөк бааларды жана акциздерди белгилөө боюнча кызматташуубуз аймактын ичинде чыгымдардын кыскарышына алып келиши мүмкүн.

Экинчи жагынан — бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, товарлардын чек арадан өтүшүн жеңилдетип, тоскоолдуксуз транзитти камсыз кылып, логистиканы жакшыртуу зарыл.

Мындан сырткары, Жээнбеков Кыргызстан аймактардагы өлкөлөрдөн инвестицияларды тартууга кызыктар экендигин белгилеп, сөзүнүн аягында Консультативдик жолугушууну Кыргызстанда 2020-жылы өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM