Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Дүйнөнү БУУсуз элестетүү мүмкүн эмес

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 680 | 0

Бүгүнкү күндө дүйнөнү БУУсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болду. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагындагы видеокайрылуусунда айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен улуттар уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар биз үчүн чоң мааниге ээ»,- деди президент.

Мындан сырткары президент пандемия тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырганын билдирди.

«Биз «Чоң жыйырмалыктын“ жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз» , — деди президент.

Мындан сырткары ал климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын көлөмүнүн азайышына алып келип жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM