Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ташкентке учту

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 546 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Ташкент шаарына учуп кетти.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM