Биз менен байланышыңыз

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеш убактысы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 1937 | 0

Жеңил салмактагы Эрежесиз эр уруштун (UFC) чемпиону, Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дэйн Уайт тастыктады.

Буга чейин, Фергюсон Нурмагомедов менен беттешүү келишимине кол койгондугу тууралуу айтылган болчу. Келишимге ылайык, беттеш 2020-жылдын 18-апрелинде Нью-Йоркто өтөт.

Уайт мурдараак ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроне 2020-жылдын 18-январында Лас-Вегаста, UFC 246 турниринин алкагында беттешерин айткан.

«Эгер Хабиб — Фергюсонду, Конор – Серронени жеңсе, Конор менен Хабибдин реваншы тууралуу карап чыгабыз»,- деди Уайт.

Copyright © 2017 Maral FM