Биз менен байланышыңыз

UFC: Хабиб Нурмагомедов Дастин Порьени да утту. Чемпиондукту кайрадан колго алды

Кыска кабар , Спорт | 8 Сен 2019 | 672 | 0

Эрежесиз эр уруштун сүйүүчүлөрү чыдамсыздык менен күткөн Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин чемпиондук беттешинде Хабиб утту.

UFC 242 мелдешиндеги Хабиб-Порье беттеши Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өттү.

Орусиялык мушкер беттештин үчүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен Порьени жеңилүүгө аргасыз кылды.

Беттештен соң Хабиб өзүн колдогондордун баарына ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Порье беттешке мыкты даярданганын, бирок жыйынтык ал күткөндөй болбой калганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM